5- Август 1962 -жылы
Америкалык киноактриса жана ырчы Мэрилин Монро каза болгон
Америкалык киноактриса жана ырчы, АКШнын секс-символу Мэрилин Монро (азан чакырылып коюлган аты – Норма Жин Бейкер) Калифорния штатынын Брентвуд шаарында өз үйүндө 36 жаш курагында көп өлчөмдөгү уйку дарысын ичип алып каза болгон.
1944-жылы болочок актрисанын фотомоделдик карьерасы башталган. 1950-жыл Мерилин үчүн жемиштүү жылдардан болуп, 5 кинотасмада роль жараткан. Алтургай мурда “сени биздин киностудиядан көргүбүз келбейт” деп кууп жиберген “20-кылым – Фокс” кайрадан роль сунуштаган. 1953-жылы Мерилин Монро айтылуу “Жигиттерге сары чачтуулар жагат”, “Кыздардын эң жакын курбулары – брилианттар” деген тасмаларда башкы ролдорду ойногон.