Орусиялык хоккейчи, Татарстандын “Ак Барс” жана Орусия курама командасынын чабуулчусу Алексей Морозов Москвада туулган. Ал Орусиянын Эмгек сиңирген спорт чебери. "Крылья Советов" клубунда тарбияланган. Алексей Морозов 1998-жылы Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болгон. Ал эми 2008-2009-жылдары дүйнө чемпиону болгон. 2014-жылы 24-августта Алексей Морозов спортту таштаганын расмий түрдө жарыялаган.