6- Октябрь 1984 -жылы
Түрк актрисасы Пелин Карахан туулган
"Даңазалуу кылым" сериалында Султан Сулаймандындын кызы Михримахтын ролун аткарган актриса Пелин Карахан Түркиянын Анкара шаарында туулган.
Ал алгач Nestle, Coca-Cola'нын жарнамалык роликтерине тартылып, көпчүлүктүн көзүнө илинген. Ал эми алгачкы ролун "Кыялкечтер" сериалында аткарып, анда 2007-жылдан 2011-жылга чейин тартылган. 2012-жылдан 2014-жылга чейин "Даңазалуу кылым" сериалында Султан Сулаймандындын кызы Михримахтын ролун ойногон.