20- Февраль 1975 -жылы
америкалык музыкант Брайан Литтрелл төрөлгөн
Америкалык музыкант, “Backstreet Boys” тобунун мүчөсү Брайан Литтрелл АКШнын Кентукки штатындагы Лексингтон шаарында төрөлгөн. Брайан эки бир туугандын кичүүсү. Балалыгынан эле апасын ээрчип баптисттердин чиркөөсүнө барып жүрүп, ал жактан хордо ырдай баштайт. Ал эми “Backstreet Boys” тобуна жакын тууганы Кевин Ричардсон аркылуу кабыл алынган. Ошондон бери топтун туруктуу мүчөсү.