
Медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги,Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Арстанбек Алтымышев Чүй облусундагы Кемин районунун Кара-Булак айылында туулган.
Кыргыз медициналык институтун, Москвадагы Н.Пирогов атындагы мединституттун фармакология боюнча аспирантурасын аяктаган.
Фармакологиянын өгүшүнө салым кошкондугу үчүн СССРдин Жогорку Советинин “Каарман эмгеги үчүн” медалы жана юбилейлик медалдары менен сыйланган. “Интеркосмос” программасына салым кошкондугу үчүн С.П.Королев медалын алган. Ал эми 1970-жылы ВОЗ ООНдун каттоосунан өткөн ракка каршы “Ликорин” дарысы үчүн Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттыгына татыган. Ал дарыны изилдөө үчүн 10 жылга жакын убакыт короткон.
Арстанбек Алтымышев жазган китептери: “Кыргызстандын дары өсүмдүктөрү”, “Табигый дары каражаттар”, “Мумие тууралуу очерктер”, “Чай, кофе жана бальзамдар”, “Уулар жана ууга каршы каражаттар”, "Харуфот" (узак жашоо) орус, англис, немис, испан жана башка тилдерде басылып чыккан.
Арстанбек Алтымышевдин 500дөн ашык илимий иши, 15 монографиясы бар жана 40ка жакын ойлоп табуунун автору.
Негизги ойлоп табуулары:
1.“Ликорин” дары каражаты;
2.“Кыргыз бальзамы. Арашан” тундурмасынын композициясы;
3.“Гипомин” тамак биостимулятору;
4. Натрийдин глутаминатынын сульфаминаты (антимикробдуу касиетке ээ);
5. “Арстан” тундурма-бальзамы;
Арстанбек Алтымышев 2011-жылдын 27-январында каза болгон.