27- Январь 2011 -жылы Медицина илимдеринин доктору Арстанбек Алтымышев дүйнөдөн кайткан
Алтымышев Арстанбек Алыбаевич – медицина илимдеринин доктору, профессор, КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиги, КРнын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер.
1930-жылы 5-майда Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айылында туулган.
Кыргызстандагы медициналык институтун, Москвадагы Н. Пирогов атындагы мединституттун фармакология боюнча аспирантурасын аяктаган. 2011-жылдын 27-январында каза болгон.
Фармакологиянын өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн СССРдин Жогорку Советинин “Каарман эмгеги үчүн” медалы жана юбилейлик медалдары менен сыйланган. “Интеркосмос” программасына салым кошкондугу үчүн С.П. Королев медалын алган.
1970-жылы ВОЗ ООНдун каттоосунан өткөн ракка каршы “Ликорин” дарысы үчүн
 Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттыгына татыган. Ал дарыны изилдөө үчүн 10 жылга жакын убакыт короткон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан