3- Январь 1954 -жылы Медицина илимдеринин доктору, профессор Макен Мусуралиев туулган
Макен Мусуралиев Талас облусунун Талас районунун Талды-Булак айылында туулган. 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. Андан соң аспирантурада окуп, кандидаттык диссертациясын жактаган.  Акушерлик жана гинекология кафедрасында ассистент (1982), доцент (1985), 1992-жылдан бери карай кафедра башчысы болуп иштеп келе жатат (2015). 
Кыргыз Мамлекеттик И.К.Ахунбаев атындагы Медициналык академиясынын Акушердик жана гинекология кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору (1994), профессор. КРнын Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери, КРнын Ардак грамотасынын, Саламаттыкты сактоонун бир нече грамоталарынын ээси. 230дан ашык илимий иштердин (анын ичинде 7 монография), 23төн ашык  окуу куралдарынын автору. М.С.Мусуралиевдин кол алдында 10 кандидаттык, 5 докторлук диссертациялар жакталган, 9 патент алынган.  
Илимий иштери - аялзаттын репродукциялык ден соолугу, бийик тоо  шартында акушерлик жана перинаталдык татаалдануулар, төрөт мүмкүнчүлүгүн коргоонун гендерлик аспекттерди, жатынды сактап калуучу операциялардын техникасын иштеп чыгуу жаатында.
Макен Мусуралиевдин илимий эмгектери жана жатынды сактап калуу жаатындагы ойлоп тапкан ыкмалары көптөгөн өлкөлөрдүн акушер, гинекологдору тарабынан колдонулуп, студенттерде окулуп келет. Ал эми кыргыз тилиндеги "Акушерлик терминдик түшүндүрмө сөздүгү" учурда эң көп колдонулуучу сөздүк болуп калууда.  
Эл аралык стажировкалары: 
Мусуралиев М.С.: "Минилапаротомия", клиникалык окутуу курсу, JHPIEGO, Филиппины, Манила ш.(1994.11.04 – 22.04.); 
"Strategies for Strengthening Instructional Design and Clinical Training Skills", Жонс Хопкинстин Университети JHPIEGO программасы боюнча АКШ, Балтимор ш.(1997.11.08 – 22.08);
"Schweitzer Regional Conference on the role of  Professional Assosiation in Lisening and Re- Validating Physycian", Венгрия, Будапешт ш.(2001.6.12 – 8.12.); 
Германское техническое Сообщество (GTZ). 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан