6- Январь 1957 -жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы, медицина илимдеринин доктору, профессор Камчыбек Узакбаев туулган
Узакбаев Камчыбек Аскарбекович Талас облусундагы Талас районунун Шумкар-Уя айылында туулган. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин аяктаган.
Узакбаев Камчыбек - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун директору (1990-жылдан бери карай), медицина илимдеринин доктору, профессор. 7 ойлоп табуунун, 78 илимий иштин, 4 монографиянын автору. 10 илимий эмгеги көптөгөн чет өлкөлөрдө колдонмо катары пайдаланылат.
Бишкек шаардык кеңешинин 3-чакырылышынын депутаты. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы,
Кыргыз Республикасынын балдар хирургдары ассоциациясынын президенти, КМШ педиатрларынын ассоциациясынын вице-президенти. “Эненин жана баланын саламаттыгы” аттуу мезгилдүү илимий-практикалык медициналык журналынын башкы редактору. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүүчү “Инфанта” кайрымдуулук фондунун төрагасы. 
Камчыбек Узакбаевдин жетекчилиги астында Энени жана баланы коргоо улуттук борборунда дартты аныктоо жана дарылоо жаатында 28 алдынкы жаңы ыкма өздөштүрүлүп, колдонулууда. Тубаса дене кемчиликтери менен төрөлгөн балдарды дарылап, айыктыруу жаатында чет элдик адистер менен иштешүү оң жолго коюлуп, жогорку ийгиликтер жаралууда. Анын демилгеси жана аракетинин арты менен өзү жетектеген борборго Япониядан заманбап дарылоо-диагностикалык аппарат алынып келинип, медициналык жардамдын сапатын жогорулатты. Энени жана баланы коргоо улуттук борборунда өлкөдө биринчилерден болуп балдарга лапороскопиялык ыкма менен операция жасоо, жатындын миомасын рентген-хирургиялык ыкма менен дарылоо киргизилген.
Камчыбек Узакбаевдин алган наамдары:
“Манас" эпосунун 1000 жылдыгы” эстелик медалы (1995),
“Кыргыз Республикасына 10 жыл” эстелик медалы (2001),
“Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери” төш белгиси (1995),
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн педиатрлар ассоциациясынын алтын медалы (2013),
Тажикстан Республикасынын Авиценна медалы (2013) жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан