6- Декабрь 1956 -жылы Урология илимий борборунун директору, медицина илимдердин доктору, профессор Акылбек Усупбаев төрөлгөн

Усупбаев Акылбек Чолпонкулович - Медицина илимдердин доктору, профессор.

Урология илимий борборунун директору, КММАнын урология жана андрология кафедрасынын башчысы. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы урологу. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты  сактоосунун отличниги, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

1956-жылы Кара-Буура районунун, Аманбаев айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик  медициналык институтун аяктаган.

 2000-жылы докторлук диссертациясын жактаган. Бүткүл дүйнөлүк урологдор ассоциациясынын мүчөсү (1997), Европа урологдорунун ассоциациясынын мүчөсү (2001), Түрк тилдүү мамлекеттердин ассоциациясынын мүчөсү (2005), Кыргыз өлкөсүнүн уролог врачтарынын Республикалык илимий коомунун президенти (2001).

214төн  ашык илимий эмгектери, 4 монографиясы бар. Ойлоп табуу боюнча 14 патенти бар. 16 рационалдык сунуштун автору. Жетекчилиги астында 12 кандидаттык, 2 докторлук иш жакталган.

  Негизги ойлоп табуулары:

1.      Уролитиаздын метапрофилактикасынын ыкмасы;

2.      Оору белгилери билинбеген бөйрөктүн таш ооруларын аныктоо ыкмасы;

3.      Таштын тыгыздыгын аныктоо үчүн линейка;

4.      Орхиэпидидимитти хирургиялык жол менен дарылоо ыкмасы;

5.      Жамбаштагы өнөкөт ооруларда антидепрессанттарды колдонуу ыкмасы;

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан