25- Февраль 2013 -жылы
Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча макулдашууга президент Алмазбек Атамбаев кол койгон
Жогорку Кеңеш кабыл алган Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча макулдашууга президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Келишимге ылайык, Нарын дарыясына 8 ГЭС курулуп, алардын курулушуна сарпталчу чыгымды Орусия өзү тапмак. ГЭСтин 50 пайыз үлүшүнө Кыргыз мамлекети, 50 пайызына Орусия ээлик кылып, ГЭС өзүн актаганга чейин Кыргыз өлкөсү өз үлүшүнүн 25 пайызын орус тараптын башкаруусуна берип турмакчы болгон.