Эрнест Абдыжапаровдун "Кекеч" тасмасында башкы каармандын ролун аткарып актёрлук дебютун жасаган Нурак Өмүрбеков Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Кыргыз улуттук консерваториясынын эстрада бөлүмүнө тапшырган.