Кения менен Танзаниядагы АКШнын элчиликтеринде синхрондуу террордук акт болгон. Жардыруулар бир убакта саат 10:45те (жергиликтүү убакыт) болгон. Кениядагы Найроби шаарында элчилик борбор жагында жайгашканы үчүн көп жоготуулар болгон. Найробидеги жардырууда 213 адам каза болуп, 4000дей жаракат алган. Танзаниядагы Дар-эс-Саламе шаарындагы жардырууда 11 адам каза болуп, 85и жаракат алган. Эки имарат тең катуу бузулган. Теракт америкалыктарга каршы болсо да, каза болгондордун арасында жергиликтүү калктын саны көп болгон.