2- Январь 2015 -жылы ырчы, алып баруучу Гүлзат Батырканова дүйнө салган
Ырчы, "Сармерден" берүүсүнүн алып баруучусу Гүлзат Батырканова 1973-жылы 7-июнда Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылында төрөлгөн. Сахнага алгачкы жолу 3-класс кезинде Токтогулда "Баатыр жөжө" аттуу ыр менен чыккан. Кийинчерээк "Жаш кыял" эстрада ансамбли ачылып, ага кирген. КУУнун журналистика факультетин бүтүргөн. "Карай берем", "Өмүр жазым", "Жүрөлүчү эскерип", "Айта көрбө" ырлары менен таанылган. Гүлзат Батырканова 2015-жылы 2-январь күнү кечинде Ысык-Көл облусунан келе жатып жол кырсыгына кабылган. Жолдошу менен бара жаткан унааны каршы тилкеде келе жаткан унаа сүзгөн. Кырсыктан ырчы каза болуп, күйөөсү катуу жаракат алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан