8- Март 1930 -жылы
АКШнын 27-президенти
болгон Уильям Тафт көз жумган
АКШнын 27-президенти
болгон Уильям Тафт 72 жашында Вашингтондо каза болгон.
Уильям Говард Тафт 1857-жылы 15-сентябрда АКШнын Огайо штатындагы Цинциннати шаарында туулган. Президент болуп шайланганга чейин юридикалык тармакта иштеген. Ал АКШнын 26-президент Теодор Рузвельттин жакын досу болгон. Рузвельт өзүнүн президенттик мөөнөтү бүтөрдө Тафттын талапкерлигин өлкө башчылыгына сунуштап, мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаган Тафт президент болуп шайланып, 1908-1909-жылдары өлкөнү башкарган.