7- Август 2005 -жылы
орус сатириги, саясий ишмер Михаил Евдокимов каза болгон
Автокырсыктан белгилүү орус сатириги, Алтайдын губернатору Михаил Евдокимов жол кырсыгына учурап, каза болгон. Мамлекеттик автоинспекция кызматынын иликтөөлөрүнө караганда, буга губернатор Михаил Евдокимовдун айдоочусу күнөөлүү болгон. Губернатордун Мерседес 600 үлгүсүндөгү автоунаасы катуу ылдамдыкта алдыдагы автоунаадан тыюу салынган жерден ашып өтүп бара жаткан кезде айдоочу бет маңдайдан чыга калган машинадан качам деп даракты сүзгөн. Губернатор менен анын айдоочусу жана жан сакчысы да каза таап, ал эми жубайы оор жаракат алган