3- Март 2014 -жылы Балыкчыда ок атышуу катталып, анда шаардык кеңештин депутаты Алтынбек Коёналиев баш болуп 7 адам жабыр тарткан
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында ок атышуу катталып, анда шаардык кеңештин депутаты Алтынбек Коёналиев баш болуп 7 адам жабыр тарткан. Ысык-Көл облустук ИИБи билдиргендей, 2-март күнү ок атышуунун катышуучуларынын бири Азамат аттуу жаран агасын таксист катары жумушка орноштурууну көздөп автобекетте иштеген Адилет деген жаранга кайрылган. Ал Азаматтын агасын бригадага киргизүү үчүн 20 миң сом сураган. 3-мартта, эки тараптын жолугушуусу учурунда алардын ортосунда паранын суммасына байланыштуу пикир-келишпестиктер жаралып, ал атышууга чейин жеткен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан