Кыргыз өлкөсү Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 46-сессиясында БУУга мүчөлүккө кабыл алынышы кыргыз коомчулугуна зор таасир калтырганы маалым. Буга чейин "беймаалым республика" атыккан өлкөнү дүйнө коомчулугу таанып, Кыргыз Республикасынын эл аралык мамилелердин субъектисине айланган. Кыргыз Республикасынын БУУга мүчөлүккө кабыл алынышынын урматына кыргыз бийлиги 1991-жылдын 5-мартында Өкмөт үйүнүн имаратына Кыргыз Республикасынын жаңы желегин көтөрүү салтанатын өткөргөн.