11- Март 1946 -жылы
“Кыргызстан” аттуу көркөм-адабий журналдын биринчи саны окурмандын колуна тийген
“Кыргызстан” аттуу көркөм-адабий журналдын биринчи саны окурмандын колуна тийген. Анткен менен альманахтын сыясы кургай элегинде эле партиялык көзөмөлдөө органдары биринчи санда жарык көргөн макалалардын бардыгын "улутчул" жана "космополиттик" маани ташыйт деген айып койгон.
Кийин тарых адилеттиги аныкталып, аталган альманахта макалалары жарыяланган А.Осмонов, А.Токомбаев, К.Баялинов, С.Липкин, Я.Шиваза сыяктуу авторлор кыргыз, орус жана дунган адабиятынын классиктерине айланышкан.