Бириккен Улуттар уюмуна караштуу Өнүктүрүү Программасы (ПРООН) Кыргыз Республикасынын Омбудсмен институтуна 140 миң доллар менен жардам көрсөткөн. ПРООНдун акчалай жардамы Кыргызстандын Акыйкатчы институтун калыптандырууга багытталган. Долбоор 9 айлык мөөнөткө белгиленип, бул убакта Акыйкатчы институтунун кызматкерлери үчүн кеңеш жана материалдык-техникалык жардам көрсөтүлөөрү аныкталган. Эки тараптуу документке ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ежи Скуратович жана акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу кол коюшкан.