11- Март 2005 -жылы Париж клубу аталган дүйнөлүк кредиторлордун биримдиги Кыргыз өлкөсүнүн тышкы карызынын 124 миллион долларын кечкендиги туурасындагы маалыматты Каржы министрлигинин басма сөз кызматы тараткан
Париж клубу аталган дүйнөлүк кредиторлордун биримдиги Кыргыз өлкөсүнүн тышкы карызынын 124 миллион долларын кечкендиги туурасындагы маалыматты Каржы министрлигинин басма сөз кызматы тараткан. Мындан тышкары Париж клубу Кыргыз өлкөсүнүн 431 миллион доллар өлчөмдөгү тышкы карызынын төлөнүшүн кийинкиге калтырган. Дүйнөлүк кредиторлор биримдигинин чечимине ылайык коммерциялык кредиттин 50 пайызы кыскартылып, калган 50 пайыз акчанын төлөнүш убактысы 23 жылга узартылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан