13-мартта таңкы саат бештер чамасында Бишкектен алыс эмес жайгашкан Кой-Таш айылы тараптагы капчыгайда токтоп турган Лексус унаасы Аудини сүзүп, өрт чыккан. Лексустагы үч адам таанылбай турган деңгээлде күйүп кеткен. Каза болгондордун бири президенттик администрациянын экс-башчысы Медет Садыркулов болгон.