21- Март 1522 -жылы Осмон империясынын султаны Даңазалуу Сулайман жана Хүррем Султандын кызы Михримах туулган
Осмон империясынын султаны Даңазалуу Сулайман жана Хүррем Султандын кызы Михримах султан күн менен түн теңелген күнү төрөлгөн. Акылдуу жана чилистен ханбийке ханзаадалар менен тең билим алган, бир канча тилди билген. Ал сулуу, келбеттүү жана бутунун учуна чейин жеткен алтын чачтуу болгон. 17ге чыкканда Михримах апасынын кыстоосуна баш ийип өзүнөн 22 жашка улуу Рүстем пашага турмушка чыккан. Михримах менен Рүстем султанаттын эң бай үй-бүлөлөрүнүн башында туруп, экөөнүн кайрымдуулук иштери эл оозуна алынган. Хүррем кайтыш болгондон кийин 20 жыл бою гаремди башкарып турган. 56 жашында көз жумуп, бир гана Михримахтын сөөгү Сулейман султандын жанына коюлган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан