17- Март 1944 -жылы
Кыргыз ССРинин Тышкы иштер Элдик комиссариатын жана Коргоо комиссариатын уюштуруу туурасында мыйзам кабыл алынган
СССР Жогорку Кеңеши 1944-жылдын февраль айында союздук республикаларга өз алдынча тышкы саясат жүргүзүү багытын ыйгаруу максатында, алар үчүн атайын кызмат уюштурууга жол ачкан мыйзам кабыл алган.
Мыйзамда союздук республикалардын чет элдик мамлекеттер менен эл аралык байланыш куруп, консулдук өкүлчүлүктөрдү ачуу мүмкүнчүлүгү каралган. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин VII сессиясы аталган мыйзам алкагында 1944-жылдын 17-март күнү Кыргыз ССРинин Тышкы иштер Элдик комиссариатын жана Коргоо комиссариатын уюштуруу туурасында мыйзам чыгарылган. Аталган мыйзамда Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы чет элдик мамлекеттер менен өз алдынча мамиле кура тургандыгы белгиленген.
Ошентип бул күн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин негизделген күнү катары белгиленип келет.