Эгемен кыргыз өлкөсүнүн тарыхында кайгылуу дата катары калган Аксы окуясы болгон. Камакка алынган А.Бекназаровдун тарапташтары буга чейин Кербен, Жаңы жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп, бийлик менен митингчилер арасындагы тирешүү жогорку чыңалуу чегине жеткен. Тартипти көзөмөлгө алган ОМОН 17-март күнү Боспиек айлында топтолгон 500 чамалуу адамга каршы ок атып, бул күнү 6 киши каза болуп, 80 чамалуу адам жаракат алган.