17- Март 45 -жылы
Римдик республикачылар менен Цезардын аскерлери ортосундагы Мунддагы согуш өткөн
Римдик республикачылар менен Цезардын аскерлери ортосундагы Мунддагы согуш өткөн. Мунд салгылашында Гай Юлий Цезарь жетектеген аскерлер республикачыл Гней Помпейдин колун талкалап, анын натыйжасында жарандык согуш соңуна чыккан. Испаниянын Мунд жергесиндеги согуш Цезарь үчүн айрыкча маанилүү роль ойногон. Улуу полководец "мен буга чейин нечен жолу жеңиш үчүн согушсам, ал эми Мундда болсо өзүмдүн өмүрүм үчүн салгылаштым" деген. Помпейдин армиясы саны жагынан эле эмес, стратегиялык жактан ыңгайлуу позицияны ээлеп, Цезарь жеңиш үчүн өзү баштап чабуулга чыгып ийгиликке жетишкен.