Рим императору Калигула бийликке келген. Императордук бийликте турганда Калигула жосунсуз жоруктары менен тарыхта калган. Замандаштарынын айтымында, ал адегенде өзүн Кудай деп жар салып, кызмат орундарын сатыкка койгон. Андан кийин Калигула жылкыларга жылдык салык киргизип, салык акысын төлөбөй калган жылкыларды тирүүлөй кескилеткен. Калигула муну менен эле тим турбай Инцитата аттуу күлүгүн "бардык Кудайлардын ширелиши" деп жарыялап, ага сыйынууга буйрук берген. Калигула Инцитата аргымагын консул кылууга белсенип калган маалда өлтүрүлүп, тарыхта кайталангыс жорук ишке ашпай калган. Император өлтүрүлгөндөн кийин Рим сенаты Инцитатага ыйгарылган укуктарды алуу менен алпурушкан.