Англиялык физик Бенжамин Рамфорд Англиядагы Массачусетс штатынын Вобурн шаарында төрөлгөн. 13 жашынан баштап дүкөндө жардамчы болуп иштеген. 19 жашында бай жесир аялга үйлөнгөн. Аялынын байланыштарынын жардамы менен милиция офицери болгон. Ошол эле убакта Улуу Британиянын жашыруун тапшырмаларын аткарган. 1775-жылы ал тыңчылыкка айыпталгандан улам үй-бүлөсүн таштап, Бостондон Лондонго качкан.