11- Август 1916 -жылы
Көл аймагындагы кыргыздардын көтөрүлүшүн дунгандар колдоп, кыргыздар менен бирге Пржевальск шаарын камалоого катышкан
Кыргыздардын 1916-жылкы боштондук кыймылы башка калк өкүлдөрүнө да зор таасир тийгизген. Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көтөрүлүшүн дунгандар колдоп, 11-августта Марин волостунун дунгандары козголгон кыргыз калкынын катарына кошулушкан жана Пржевальск шаарын камалоого катышкан.