11- Август 1964 -жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери Сабырбек Жумабеков төрөлгөн
Кыргыз Республикасынын башкы ортопед-травматологу, медицина илимдеринин доктору, профессору, Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун директору, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери Сабырбек Жумабеков Таластын Сатыкей айылында төрөлгөн. Сабырбек Жумабеков Кыргыз Республикасынын илимине Эмгек сиңирген ишмер жана Эмгек сиңирген дарыгер, Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын лауреаты.  
1981-жылы мектепти бүтүрүп Кыргыз медициналык академиясына тапшырган. Академияны 1987-жылы ийгиликтүү аяктап Крым медициналык институтуна тапшырган. Ал жакта окуп да, иштеп да, кандидаттык диссертациясын да коргоого үлгүргөн. 
1996-жылы Калифорнияда стажировка өтүп келген. 
1996-1999-жылдары Борбор Азия жана Казахстанга омуртка ооруларын микрохирургиялык дарылоо ыкмасын киргизген.
2007-жылы декабрь айында "Ата Журт" партиясынан ЖКга депутат болгон, бирок мандатынан баш тартып, Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун директору болгон.
2010-жылдын 20-декабрдан 2011-жылдын 11-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан