15- Апрель 1951 -жылы Лондондо алгачкы жолу “Аалам периси” сынагы өткөрүлгөн
Лондондо алгачкы жолу “Аалам периси” сынагы өткөрүлгөн. Ошондон улам Лондон - дүйнөнүн сулуулук борбору деп табылган. Бул сулуулар сынагын "Мекка" аталыштагы жарнамалык агенттиктин Эрик Морли аттуу кызматкери ойлоп тапкан. Ал бий залын жарнамалоо үчүн сулуулар сынагын ойлоп таап, ага дүйнөнүн ар тарабынан 30 чакты кыз катышкан. “Аалам периси” деп швециялык Кики Хааконсон аттуу кыз табылып, 1 миң фунтка ээ болгон.
Ошондон тартып Эрик Морли аялы менен биргеликте жыл сайын Лондондо дүйнөлүк сулуулар сынагын өткөзө башташкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан