22- Апрель 1924 -жылы
Чехословакиялык жумушчулардан куралган биринчи эшалон Пишпек станциясына келген
"Интергельпо" аттуу өндүрүш кооперативи Кыргыз өлкөсүнө экономикасынын калыптанышына зор салым кошкону маалым. Чехословакиялык жумушчулардан куралган биринчи эшалон 1924-жылдын 22-апрелинде Пишпек станциясына келген.
Кыргызстандыктар интернационалдык топту шаңдуу тосуп алган. «Интергельпочулар» Кыргыз мамлекетинин аймагында кооперативдик кыймылды жайылтып, анын натыйжасында жаңы экономикалык мамиленин калыптанышына жол ачылган. Алардын арасындагы спортчу жана альпинисттер өлкөнүн физкультурасынын өсүшүнө түрткү бергени маалым.