30- Апрель 1970 -жылы
"Даңазалуу кылым" сериалында Сулейман султандын ролун ойногон түрк актёру Халит Эргенч төрөлгөн
"Даңазалуу кылым" сериалында Сулейман султандын ролун ойногон түрк актёру Халит Эргенч Стамбул шаарында төрөлгөн. Орто мектепти бүткөн соң 1988-жылы Стамбул шаарындагы Технологиялык университетке өз каалоосу менен тапшырган. Бирок күнүмдүк жашоосуна акча табыш үчүн оператор, маркетолог болуп иштегенге мажбур болуп, бир жылдан кийин окуусунан айдалган. 1996-жылы Халит үчүн жашоонун жаңы барагы ачылат. Ошентип, Түркиянын кино айдыңында көздөрү көк асмандай тунук, кумарлуу Халит Эргенч аттуу актёр пайда болот. 2012-жылы актёр "Даңазалуу кылым" сериалына баш-оту менен киришип, Султан Сулеймандын ролун мыкты деңгээлде аткарган.
Андан сырткары Халит Эргенч "1001 түн", "Зерда", "Биринчи махабат", "Конок" сыяктуу тасмаларда көрүнүктүү ролдорду жараткан.