АКШда "Памперс" жалаягына патент берилген. Аны 3 неберелүү америкалык химик Виктор Миллз жасап чыккан. Миллз неберелерин көп карап, жалаяк алмаштыруу машакаттуу болгондуктан, аларды жуубай эле ыргытып салууну туура көргөн. Анын ою боюнча суюктукту сиңирип, ымыркайдын кыймылына жолтоо болбой, алмаштырылышы оңой, бир колдонулуп ыргытылчу жалаяк болушу керек болчу. Анын идеясы боюнча суюктукту сиңирип алчу төшөм ылайыкташылган пластик ич кийимге салынган. Алгачкы үлгүлөрүн неберелерине кийгизип сынаган. Сыноо бул идеянын келечеги бар экенин тастыктаган.