Канадалык белгилүү хоккейчи Стив Айзерман Канаданын Крэнбрук шаарында туулган. Улуттук курамда 1983-жылдан тартып ойноп, карьерасын 2006-жылы жыйынтыктаган. Ал дайыма "Детройт Ред Уингз" клубу үчүн ойногон. Ал эми 2002-жылкы олимпиада оюндарында улуттук курам менен чемпион аталган.