СССРде режиссёр Андрей Кончаловскийдин кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде “Мосфильм” жана “Кыргызфильм” киностудиялары тарабынан тартылган “Биринчи мугалим” тасмасы экранга чыккан. Анда башкы ролдорго таланттуу актёр Болот Бейшеналиев менен казак актрисасы Наталья Аринбасарова тартылган. Бул ролу үчүн Наталья Аринбасарова 1966-жылы Венециядагы эл аралык кинофестивалынын «Волпи» кубогун жеңип алган.