14- Июнь 1928 -жылы Латын америкалык революциячы Эрнесто Че Гевара төрөлгөн
Латын америкалык революциячы, Кубанын тунгуч Өндүрүш министри, күрөштүн символу болуп калган Эрнесто Че Гевара Аргентинанын Росарио шаарында архитектордун үй­ бүлөсүндө төрөлгөн.
1967-жылдын 9-октябрында Че Гевараны атып өлтүрүшкөн. Ал эми анын сөөгүн элдин кароосуна таштап коюшкан. Көп жылдар бою анын көмүлгөн жери жашыруун болуп, арадан 30 жыл өткөндөн кийин гана Ченин сөөгү кай жерге көмүлгөнү билинген. 1995-жылы боливиялык армиянын генералы Че Гевара аба майданынын учактар уча турган тилкесине катарлаш жерде өлтүрүлгөн эле жерге коюлган деп билдирген. Эки жылдан кийин анын дүйнөдөн кайтканынын 30 жылдыгына карата сөөгү эксгумацияланып, мекени Кубага жиберилген. Азыр анын сөөгү Че Геварынын мавзолейинде коюлган. Бирок айрымдар 1997-жылы команданттын өзүнүн сөөгү коюлганына ишенбей да келишет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан