13- Май 1970 -жылы ФИФАнын эл аралык калысы Бахадыр Кочкаров төрөлгөн
ФИФАнын эл аралык калысы Бахадыр Кочкаров Ошто төрөлгөн. Апасы мугалим, атасы таксист болгон. Токтогул атындагы мектепти, кийин ОшМУнун дене тарбия факультетин бүтүргөн. Кийин өз эрки менен аскерге кеткен. Аскерден келип 20 жыл Ошто футбол машыктыруучусу болуп эмгектенип, 1992-жылы 22 жашынан баштап Жогорку лиганын калысы, 25 жашында Улуттук категориядагы калыс деген наамды алган. Ал эми 27 жашында ФИФАнын калысы деген расмий статусту алган.
Б.Кочкаров өзбекстандык калыс Равшан Ирматовдун бригадасына кирип, 2 Дүйнө чемпиондугунда (2010-жылы жана 2014-жылы) анын ассистенти катары кызмат кылган. Бул калыстар Дүйнө чемпиондуктарынын тарыхында эң көп оюнду тейлеген калыстар катары рекорд жаратышкан (9 оюн). "ЮАР-2010" Дүйнө чемпиондугунан кайтып келгенде Б.Кочкаровго "Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген ишмер" наамы берилген. 2015-жылы Даңк медалы менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан