Кыргыз эстрадасында жаңы толкунду баштоочулардын бири, “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча “2005-жылдын мыкты ырчы мырзасы” наамын алган Темир Назаров Ош облусунда туулган. Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетинде жана ушул эле университеттин искусство жана эстрада бөлүмүндө билим алган. 2004-жылы "Туулган жер" аттуу ыры менен популярдуулукка жеткен.