13- Декабрь 1978 -жылы Түрк актёру Окан Ялабык туулган
"Даңазалуу кылым" сериалында паргалык Ибрагим пашанын ролун жараткан актёр Окан Ялабык Түркиянын Стамбул шаарында туулган. Окан үй-бүлөдө экинчи уул. Болочок актёр өспүрүм курагында эле мектеп театрында ойногон. Кийин актёрдук билим алуу үчүн Стамбулдагы университетке тапшырып, билим алган. Окан 2000-жылдары теле жаатында да эмгектенген. Андан соң жарнамалык роликтерге тартылып, мультфильмдерге үн коштоп баштаган ("Кунг-фу панда", "Аңчылык мезгили"). Ибрагим пашанын ролу Окандын телесериалдардагы үчүнчү ролу. Актёр бул ролу үчүн "2011-жылдын мыкты драма актёру" номинациясын жеңип алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан