29- Декабрь 1983 -жылы түрк актрисасы Дениз Барут төрөлгөн
"Жашоо сүртүмдөрү" сериалынын 2-сезонунда баскетбол ийриминен машыктырган Үкселдин ролун жараткан актриса Дениз Барут Измир шаарында төрөлгөн. Актриса Эгей университетин, Спорт академиясын жана Бахчешехир университетиндеги актёрдук чеберчилик факультетин аяктаган. Кесиби боюнча - актриса жана телеалпаруучу. Дениз Барут теле жаатында социалдык, спорт жаңылыктарын жана таңкы берүүлөрдү алып барат. Көптөгөн компаниялардын да жарнамалык жүзү. Актриса "Кызгалдактар гүлдөгөн маалда", "Жоголгон жылдар", "Энелер жана кыздар" сериалдарына тартылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан