Америкалык сүрөтчү-мультипликатор, кинорежиссёр Уолт Дисней Микки Маустун образын иштетүүгө патент алган. Микки Маус эң белгилүү мульт-каармандардын бири, XX кылымдын америка маданиятынын белгиси, азыркы күнү "Walt Disney Productions" компаниясынын логотиби. 2008-жылы Микки Маустун автордук укугунун баасы АКШнын 3 миллиард долларынан ашкан.