Француз физиги, Гастон Планте Ортезде туулган. 1854-жылы Искусство жана устачылык консерваториясынын ассистенти болгон. 1860-жылы Париждеги Политехникалык ассоциациянын профессору болгон. Ошол эле жылы алгачкы коргошун аккумуляторун ойлоп тапкан. Гастон Планте 1889-жылы 21-майда каза болгон.