Йемендин борборунда өлкөнүн түштүгү менен түндүгү бириккендигинин 22 жылдыгына арналган аскердик парадга даярдык учурунда жан кечтинин жардыруусунан 40ка жакын киши набыт кетип, ондогону жараланган. Аскер униформасын кийген адам белиндеги бомбаны жардырып жиберген, андан тышкары дагы эки террорчу кармалган. Окуя президенттик сарайдын жанында болгон. Машыгууга коргоо министри жана башка расмий адамдар катышып жатышкан. Алар кол салуудан жабыркашкан эмес. Террактты Ал-Кайида террордук уюму моюнуна алган.