31- Май 1889 -жылы
АКШнын Жонстаун шаарында эскилиги жеткен Саут-Форк дамбасы жарылган
АКШнын Жонстаун шаарында эскилиги жеткен Саут-Форк дамбасы жарылып, миллиондогон тонна суу шаар көчөлөрүн каптаган. Натыйжада 2209 адам мерт болгон.
Дамбанын эскилиги жеткенин жергиликтүү тургундар байкап, ээсине кайрылышкан. Бирок эч кандай чара көрүлгөн эмес. Тургундар дамбанын жаракасынан аккан сууну көрүп, сууну төгүп туруучу канал чыгарууну сунушташкан. Дамбанын ээси анын ичиндеги ашыкча сууну төгүп турган үч түтүгүн сатып жиберген.
31-майда эртең мененки саат 11де дамбаны карап жүргөн 23 жаштагы инженер ат чаптырып боло турган кырсык тууралуу тургундарды эскерте баштаган. Дамба саат 15:10до жарылып, андан бийиктиги 45 метр, ылдамдыгы 80км/саатына жеткен суу агып чыккан.