Омск облусунун башчысы С.Б.Броневский бугу уруусунун бийлерине жооп катын жолдогон. Анда бийдин баласы жолдоштору менен Омскиде болушканы жана баалуу белектерди алып келишкени кабарланат. Мындан тышкары бийлердин орус кербендерин Ак-Суу менен Кашкарга коштоп баруусуна кепилдик беришине ыраазычылык билдирилген.