7- Июнь 1778 -жылы
Англиялык денди, моюнга жоолук ороону модага киргизген Жорж Браммелл төрөлгөн
Моюнга жоолук ороо маданиятын модага киргизген англиялык Жорж Браммелл Лондон шаарында төрөлгөн. Ал чоң чиновниктин баласы болгон. Келечектеги англиялык "денди" (XIX кылымдагы социалдык катмардагы маданияттуу адам. "Денди" деп сырткы көрүнүшүн көзөмөлдөп жүргөн, баскан-турганы, сүйлөгөнү жагынан маданиятуулугу менен айырмаланган эркек кишилерди айтышкан) падыша үй-бүлөлөрү менен алакада болуп, ханзаада Георг IV менен жакын дос болгон. Замандаштары ага "Сулуу Бреммелл" деген ат коюп алышкан. Ал жоолукту моюнга салып жүрүүнү модага киргизгенден тышкары заманбап кара костюмду галстук менен кийүүнү да модага кошкон. Ал өзү дайым аппак көйнөк менен галстук же моюнуна жука жоолук байлап жүргөн. Ушул эле комплект менен ак же башка түстөгү жилет, ак панталон же денеге чыпташкан бриджи, кара же көк түстөгү этеги узун латун топчулары бар костюм (сюртук) жана кара ботфорт (тизеден ашкан узун өтүк) кийип жүргөн. Бара-бара бул кийинүү стили падыша жана ак сөөктөрдүн үй-бүлөлөрүнө кенен жайылып, жыл өткөн сайын сзаманбапташып жүрүп отурган. Ал атасынан калган мурастын баарын ырахаттанып жашоого короткон. Азыркыга чейин этикет деп эсептелип келген нерсенин көпчүлүгүн Жорж Браммелл киргизгени айтылат. Ал бат-баттан жуунуп гигиенаны сактап, бир күндө бир нече жолу кийимин алмаштырып турган. Өзүнө кам көрүүдө денесин аттын жалынан жасалган щётка менен жуунган.
1816-жылы карызга батып кетип, Англиядан Францияга качып барат. Ал жактан "Айялдар жана эркектер костюму" деген эмгегин жазган. Бирок насыячылар аны Франциядан таап кармап алышып, 1835-жылы түрмөгө кесилип кетет. Кийин аны достору акча берип куткарып алышат. Жорж Брайан Браммелл шаан-шөкөттүү жыргал жана бай жашоодон кол жууп калган соң, психикалык жактан жабыркап жыйынтыгында сифилиске кабылып оорулуу болуп калат. А 1838-жылы психикалык ооруканага жаткырылып, эки жылдан кийин, 1840-жылы 30-мартта каза болгон.