1- Июнь 1962 -жылы Кыргыз Республикасынын мурдагы коргоо министри, генерал-майор Абибилла Кудайбердиев туулган
Кыргыз Республикасынын коргоо министри, генерал-майор Абибилла Кудайбердиев Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айылында төрөлгөн.
1983-жылы Алматыдагы жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайын, 2003-жылы Орусиянын жалпы аскердик академиясын бүтүргөн.
Мотоаткычтар взводунун командирлигинен аскерлер тобунун командачылыгына чейинки кызматтарды аркалаган. 2008-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Бишкек жогорку аскер окуу жайынын жетекчиси кызматында эмгек өтөгөн.
2009-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы - Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалган.
2010-жылдын июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министри кызматына дайындалган.
2014-жылдын 4-апрелинен 2015-жылдын 12-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Коргоо министри болгон.
1999-2000-жылдары Баткен облусунун аймагындагы эл аралык бандалык түзүлүштү тыңдоо жана жок кылуу боюнча аскердик операцияларга катышкан.
3-даражадагы Манас ордени, Эрдик медалы жана башка юбилейлик сыйлыктар менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан