3- Июнь 2011 -жылы
“Доктор Өлүм”, “Доктор Суицид” деген аттары менен белгилүү болгон америкалык врач Жек Кеворкян каза болгон
Пациенттерин өз каалоосу менен өлтүргөн “Доктор Өлүм”, “Доктор Суицид” деген аттары менен белгилүү болгон америкалык врач Жек Кеворкян Детройттогу ооруканалардын биринде 83 жаш курагында оорудан улам каза болгон.
Жек Кеворкян 1928-жылы 26-майда АКШнын Мичиган штатындагы Понтиак шаарында төрөлгөн. 1952-жылы Мичиган университетинин медициналык факультетин аяктаган. Окуусун аяктаган соң АКШнын куралдуу күчтөрүнүн катарында Корей согушуна катышкан. Кийин Детройтта ооруканада, Калифорния, Мичиганда патологоанатом болуп иштеген.
Иштеп жүрүп, оорулуларды айыктырууга мүмкүн болбой калганда оорулунун макулдугу менен өмүрүн кыюууну туура деп чыккан. 1989-жылы "мерситрон" аттуу оорулуга өлүмгө алып келе турган дарылардын дозасын куя турган машинаны ойлоп тапкан. 1990-жылы 4-июнда биринчи жолу Альцгеймер оорусу менен алышып келе жаткан оорулу мерситрондун жардамы менен өз өмүрүн кыйган. 1990-1998-жылдары жалпысынан анын жардамы менен 130дан ашык адам өз өмүрүн кыйган.
Жек Кеворкяндын бул идеясы көпчүлүккө жакпай, АКШнын бийлиги менен дарыгерлер каршы чыга башташкан. 1991-жылы Жек Кеворкян медициналык иш алып баруучу лицензиясынан айрылган. Ошентип Кеворкян 1999-жылы 10 жылга кесилип, 2007-жылы 1-июнда 79 жашында жакшы жүрүм-туруму үчүн эркиндикке чыккан.