4- Июнь 1989 -жылы Кытайдын Тяньаньмэнь аянтында кандуу окуя болуп өткөн
Кытайдын Тяньаньмэнь аянтында кандуу окуя болуп өткөн. Бул күнү кечинде Кытай жетекчилиги демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылып, 20-апрелден бери Тяньаньмэнь аянтында жаткан элге каршы танктар коштогон аскерди сала берген. Бул түнү жүздөгөн адамдар ок жаңылып, же танкага тепселип каза болушкан. Түнү бою аянт чатырлардан жана элден тазаланып, көптөгөн демонстранттар абакка айдалган. 
Айоосуз басылган демонстрация Кытай Компартиясынын мурдакы башкатчысы Ху Яобан өлгөндөн эки күндөн кийин, аны кызматтан алуу жөнүндөгү токтомду “адилетсиз” деп жокко чыгарууну жана сөөгүн жайга сый-урмат менен берүүнү талап кылуудан башталган. 17-апрелде Тяньаньмэнге миңдей адам чыкса, бир жумадан кийин чогулган 100 миңдей адам партия жетекчилиги арасындагы жемсөөлүктү токтотуу, жеке бизнеске уруксат берүү жана саясий бийликти бөлүшүү жөнүндө талап коюшкан. 
Бээжинге удаа эле Шанхай жана башка шаарларда да эл толкуп, маалыматтарга караганда, 1 миллиондой жумушчулар жана студенттер көчөгө чыккан.
Бул окуядан соң студенттерге каршы күч колдонуудан баш тартып, аларды сооротуу үчүн аянтка чыккан ККП БКсынын башкатчысы Чжао Цзыяндын кызматтан кетирилип, үй камагына отургузулган. Бээжинде чукул кырдаал абалы киргизилип, жети айдан кийин гана токтотулган. Ошентип, партиянын реформачыл канаты жеңилип, Ден Сяопин партиянын лидери болуп бекитилген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан