
Окумуштуу илимпоз, биология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын корреспондент мүчөсү Марат Токобаев Каракол (Пржевальск) шаарында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин 1955-жылы Москвадагы М.Ломоносов атындагы мамлекеттик университетке тапшырган.
1958-1961-жылдары Илимдер Академиясынын биология институтунда кенже илимий кызматкер, 1961-жылдан баштап гельминтология лабораториясында башчы, 1970-жылдан тартып институттун илим боюнча директорунун орун басары, кийин директору болуп иштеген.
Анын жетекчилиги менен Кыргыз жеринде жашаган жерде-сууда сойлоп жүрүүчү жаныбарлар менен канаттуулардын, сүт эмүүчүлөрдүн гельминттери (мите курттары) изилденген. Илимий изилдөө иштеринин негизги багыттары адамдын чарбалык иш-аракеттеринин таасиринен улам күчөп жаткан шартында республикада жапайы жана үй айбанаттарынын гельминттеринин пайда болуу закон ченемине арналган. Гельминттин аралык жана кошумча ээси катары бир катар омурткасыз жандыктардын (рак сыяктуулар, тузсуз суу малюскалары ж.б.) ролу аныкталган. Мал менен адамдардын гельминтоздорунун табигый чыккан жерин изилдөөгө өтө көңүл бурулган.
Токобаевдин демилгеси боюнча өз алдынча көлмө, топуракта, өсүмдүктөрдүн тамырында жашоочу фитомите жумуру курттар изилденген. Ал 100дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинен 9 монографиянын) автору. Бүткүл союздук гельминтология коомунун мүчөсү жана анын республикадагы бөлүмүнүн башкармасы.
Илимге кошкон барандуу салымы үчүн окумуштуу 1982-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасына татыктуу болгон.